2023-09-20


Сиз тандаган кесип тууралуу: 1-курстун студенттери үчүн мотивациялык семинар уюштурулду (20-сентябрь)


Факультетибиздин "Саякат иши жана гид кызматы" бөлүмүнүн 1-курсунун студенттери үчүн "Сиз тандаган кесип тууралуу" деген темада мотивациялык семинар уюштурулду. Бөлүмүбүздүн 2023-2024-жаңы окуу жылындагы студенттер үчүн арналган алгачкы иш-чарага декандын орун басары доцент, PhD Гүнтекин ШИМШЕК, бөлүм башчы доцент, PhD Бакыт ТУРДУМАМБЕТОВ жана 1-курстун куратору, доценттин милдетин аткаруучу, PhD Туран ОКУЛ катышып, студенттерди мыкты окууга шыктандыруучу ойлору менен бөлүшүштү.